7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Али Токтакунов Бөлтүрүктүн билдирүүсүнө жооп берди: «Пенде эс тутуму кыскараак. Бул кээде элге да тиешелүү»

13

Кумтөр маселесинде талаш чыгып атат. Теңгиз Бөлтүрүк мырза 2021-жылы Кыргызстанга келип Кумтөрдү Садыр Жапаров эмес мен кайрып алгам деп атат. Кенди элге кайтаруунун “идеясы, иш-аракет планы, алгоритми меники” деп жазды. Андай эмес экенин баарыбыз билебиз дечи. Бирок, азыр Садыр Жапаров президент, күчү күч болгон үчүн чынбы-жалганбы аны мактагандар кошоматчы, сындагандар баатыр. Ушундан алганда Бөлтүрүк мырзанын “мен кылдымын» көбү таза чындыктай кабыл алышы мүмкүн. Мынай пикирин журналист Али Токтакунов фейсбук баракчасында билдирди.

«Бирок калыс пикир айтып коелу. Бир нече күн мурда Ютубдан Кумтөр боюнча 2012-жылы Садыр Жапаров жетектеген депутаттык комиссиянын парламенттеги отчетун көрүп калдым. Журналист катары отчетту ошондо деле көргөнбүз, а түгүл макалаларды жазганбыз деңизчи. Бирок 14 жыл өтүп көбү унутулуптур, эс тутум кыска дегеним ушул. Бир нече сааттык сессияны кайра көрүп шок болдум. Шилтемесин комментарийге коем, көргөнгө шарты жокторго кыскача жазып коеюн:

Комиссия ошондогу Кумтөрдүн абалы, экологиялык мыйзам бузуулар, акча менен алтын уурдалышы, 2010-жылга чейин кирешеге чыкпадык (90-жылдары Кыргызалтынды башкарган Сарыгулов 2003-2012-жылдары Кыргызстан Кумтөрдөн 2,8 млрд доллар алалбай калган деп эсептегени бар) деп кыргыз тарапка дивиденд берилбегени, ошол эле канадалыктар өздөрүнө олчойгон айлык, сый акы коюп, көйнөк-көнчөк, оюн-зоок ж.б. толтура акча сарптаганы иликтенген. Дегеле комиссия Кумтөр келишими башынан пайдасыз түзүлгөнүн мисалдап, күнөөлүүлөрдү ачык атаган. Мисалы, Америка, Түркия, Түштүк Африкадан инвесторлор бизге 20%, Кыргызстанга 80% дегени кабыл алынбай, кайдан жайдан канадалык Камэкого 33% — Кыргызстан 67% варианты жактырылыптыр, Бирштейн деген шылуун Акаевдин колтугуна кирип алганы үчүн. Анда да 2007-жылы кен Кыргызстанга өткөрүлүп берилери макулдашылып, бирок ага жетпей эле канадалыктар шылуундук менен Центерра холдингин түзө калып, кыргыз тараптын үлүшү дагы кыскарганы айтылган. Пайдасыз келишим түзгөн, параланган жетекчилердин аттары аталган.

Ошондо эле Садыр Жапаров Кумтөрдү улутташтырыш керек, муну ООН эл аралык келишим катары тааныган эмес, андай статусу болбогон соң эл аралык санкциядан коркпосок болот, улутташтыруу үчүн экологиялык чоң мүчүлүштүктөрдү, коррупцияны бетке кармайлы деген экен. Журналисттик иликтөө сыяктуу документалдык фильм да тартылыптыр.

Отчетту көргөн депутаттын баары “эбак өлгөн турбайбы, алалы Кумтөрдү” деп кокуйлап атып эле бир нече күндөн кийин куйруктары буралып, башкача сүйлөп калышкан. Кумтөрдү алууну колдобой, дагы иликтесин деп башка, өкмөттүк комиссия түзө салышкан. Ал комиссиянын иши ың жыңсыз кеткен. Ал ортодо саясий кризис курчуп, бир нече айдан кийин Кумтөрдү элге алалы деген Жапаров баштаган депутаттар, саясатчылар камалган. Бир жылдан ашуун түрмөдөн кийин Жапаров акталып, чет өлкөгө чыгып кеткен. Анда да Кумтөр темасын улам көтөрүп жүрүп рейтинги өсүп, президенттик шайлоого катышам деп 2017-жылы Кыргызстанга кирип келатканда кармалган. Анан түрмөдөн чыгып, президент болуп, 2022-жылы Кумтөр мамлекетке өткөн.

Ал эми Теңгиз Бөлтүрүк мырза тууралуу 2020-жылга чейин ушундай кыйын кыргыз жигити бар экен, четтеги кен компанияларында иштейт экен, көп нерсе билет экен деп эки-үч жолу уккам. Бирок Кыргызстанга келип Кумтөр маселесине аралашканы 2020-жылдан кийин болду. Ага чейин кыргыз кени тууралуу маселе көтөрүп, өмүрүн тобокелге салганынан кабарым жок. Ким билсе жазып коерсуңар. Теңгиз мырза кен иштетүү тармагында мыкты практик, тактик катары Кумтөрдү алууда Жапаровдун командасынын ичинде эмгеги зор болсо керек. Бирок баарын мен кылдым, тарых менден башталат дегени бери дегенде калп, манипуляция.

Анын үстүнө Бөлтүрүк мырза да Кумтөрдү башкарып, “садырчыл” эле болуп турган учурунда ири жемкорлукка айыпталып, “кусканы” эсибизден чыга элек» — деп жазган ал.

14