Колумбияда 10-августта эртең менен күчү 7,4 баллга жеткен жер титирөө болду. АКШнын Геологиялык кызматынын маалыматына караганда, кеминде 132 адам набыт болду. Жер титирөөнүн очогу Чоко департаментиндеги Сан-Хосе-дел-Палмар шаарынын аймагында, Боготадан болжол менен 280 чакырым батышта катталган.
Маалыматка ылайык, урандылардын алдында дагы адамдар болушу ыктымал. Куткаруу иштери уланууда. Колумбиянын ири шаарларынын бири Калинин мэри Алехандро Эдердин айтымында, калаада, баштапкы маалымат боюнча кеминде 20 имарат кулап, адамдар уранды алдында калган.
Рисаральда департаментинин губернатору Хуан Диего Патиньо Перейра шаарындагы айрым имараттар олуттуу жабыркаганын билдирди. Перейра өлкөнүн кофе өндүрүүчү аймагындагы ири шаарлардын бири болуп саналат.
Жер титирөөдөн кийин Колумбиянын Жарандык авиация башкармалыгы Перейра, Манисалес, Армения, Картаго жана Буэнавентура шаарларындагы аэропорттордун ишин убактылуу токтотту.



