7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин ачылды

12

Бишкек шаарында Фрунзе көчөсүнүн Сүйүмбаев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоп-түзөөдөн кийин унаа кыймылы үчүн ачылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Анда оңдоп-түзөө иштеринин алкагында эски асфальт-бетон жабындысы алынып, жолдун негизи бекемделди. Зарыл болгон инженердик тармактарды оңдоо иштери жүргүзүлүп, жаңы асфальт-бетон төшөлдү. Мындан тышкары жол инфраструктурасынын элементтери жаңыртылды.

Департамент бекитилген графикке ылайык иштерди улантууда. Негизги көңүл жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга, жолдун сапатын жогорулатууга жана борбор калаанын транспорттук инфраструктурасын жакшыртууга бурулууда.

13