Кечээ, 12-августта канализациялык кудукка түшүп кеткен эркек киши куткарылды. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, окуя Бишкек шаарындагы Чүй проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанында болгон. Жерине 5 куткаруучу жөнөтүлгөн.
Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды канализациялык кудуктан коопсуз чыгарып, ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Жарандын абалы канааттандырарлык. Ал медициналык жардамга муктаждык болгон эмес.



