7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Орусиядан Кыргызстандын мектептери үчүн 671 миң окуу китеби келди

15

Бүгүн, 13-августта, Орусиядан Кыргызстандын мектептери үчүн келген орус тили боюнча окуу китептерин кабыл алуу иш-чарасы өттү. Агартуу министрлигинин маалыматында, 1-, 2- жана 5-класстын окуучулары үчүн «Орус тили жана окуу» предмети боюнча 671 миң даана окуу китеби берилди.

Бул окуу куралдары Кыргызстандын мамлекеттик жана предметтик стандарттарынын негизинде эки өлкөнүн басма үйлөрү тарабынан биргелешип даярдалган.

Иш-чарага «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору Төлөгөн Аматов жана «Моя история» фондунун өкүлү Павел Гнидин катышкан. Долбоор эки өлкөнүн Агартуу министрликтеринин колдоосу менен «Моя история» фонду жана «Просвещение» басмасы тарабынан ишке ашырылган.

Министрлик аталган китептер жаңы окуу жылында кыргыз жана орус тилдеринде билим берген мектептердин муктаждыгын камсыз кылууга багытталганын билдирди. Жакынкы күндөрү окуу куралдары республиканын бардык райондорундагы жана шаарларындагы мектептерге жеткирилет.

16