13-августта өлкө башчы Садыр Жапаров журналист Али Токтакуновго берген маегинде алдыдагы президенттик шайлоого катышарын билдирди. Анда президент шайлоодо бардыгына жол ачык болорун баса белгилеп өттү.
“Бардыгына жол ачык. Ким барам десе бара берсин. Орусча айтканда, “флаг в руки”. Эч кимди чектебейбиз, бут тоспойбуз”, — деген Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 2027-жылдын 27-январында өтөт.
Посмотреть эту публикацию в Instagram



