7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык-Көлдөн үч күндө 6800 метр эски тор чыгарылды

195

Ысык-Көлдүн акваториясынан үч күндө 6800 метр эски синтетикалык тор жана 140 кг таштанды чыгарылды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, ал эми жыл башынан бери Ысык-Көлдүн акваториясынан 24 300 метр синтетикалык тор жана 650 кг таштанды чыгарылган.

Рейддик иш-чаралар мыйзамсыз коюлган торлорду аныктоо жана алып чыгуу, көлдүн экологиялык абалын жакшыртуу, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо максатында жүргүзүлүүдө.

Министрликтин маалыматына караганда, Ысык-Көлдүн экосистемасын жана биологиялык ресурстарын коргоого багытталган рейддер мындан ары да улантылат.

196