29-августтан 6-сентябрга чейин VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары жана ШКУ (Шанхай кызматташтык уюму) саммитине байланыштуу Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлады.
Бул убакта күч кызматкерлери күчөтүлгөн режимде иштеп, коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурушат. Айрым жолдор маал-маалы менен убактылуу жабылышы мүмкүн.
ИИМ киргизиле турган чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылып, жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарды алдын ала пландаштырууну сунуштады.



