7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көл-Суунун жээги таштандылардан тазаланды

14

Ат-Башы районунда Көл-Суу жана Көк-Кыя аймактарында таштандыларды тазалоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, мындай тазалык иш-чаралары Көл-Суу көлүнүн жээгинде мезгил-мезгили менен уюштурулуп, аймактын санитардык абалын жакшыртууга жана жаратылышты таза сактоого багытталган.

Тазалоо иштерине жергиликтүү тургундардын жана туризм тармагында иш алып барган жарандардын активдүү катышуусу жаратылышты коргоого жана экологиялык маданиятты жогорулатууга өбөлгө түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда Көл-Суу көлүндөгү таштандылар тууралуу баяндалган маалыматтар тараган. Белгилүү болгондой, буга аймакта акыркы үч күндө тынымсыз жааган жамгырдан улам көлдүн деңгээли көтөрүлүп, таштандылардын көл аймагына сүрүлүп келгендиги себеп болгон.

15