7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бирөөнүн батирин өзүнө каттатып, сатып жиберген жаран кармалды

13

Бишкекте дээрлик 5 миллион сомдук батир менен байланышкан ири алдамчылыкка шектелип бир жаран кармалды. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин районунун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Бишкек шаарынын ИИББнын тергөө кызматына М.Ч. аттуу жаран кайрылып, К.Ж. аттуу адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Алдын ала маалыматка ылайык, шектүү ишенимге кирүү жолу менен жабырлануучуга таандык батирди убактылуу өзүнүн атына өткөрүп алган. Кийинчерээк батирди мыйзамсыз ээлеп, аны үчүнчү тарапка сатып жиберген деп шектелүүдө.

Натыйжада жабырлануучуга 4 млн 810 миң 892 сом өлчөмүндө өзгөчө ири материалдык зыян келтирилген. Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1984-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда кылмыш ишинин алкагында окуянын бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле ишке тиешеси бар адамдардын аракеттерине укуктук баа берилет.

14