Кыргызстанда «Куткаруучулар» аттуу жаңы көркөм тасма тартыла баштады. Тасмада куткаруучулардын кесиптик ишмердүүлүгү, адам өмүрүн сактоодогу кайраттуулугу жана күнүмдүк эмгеги баяндалат. Бул тууралуу маданият министрлиги билдирди.
Тасма «Cheber Production» киностудиясы тарабынан тартылат. Анын режиссёру жана продюсери — Азамат Исмаилов. Анда Кыргызстандын белгилүү актёрлору роль жаратышат. Ошондой эле тартуу иштери өлкөнүн бир катар аймактарында жүргүзүлөт.
Министрлик тасманын максаты куткаруучулардын кесибинин маанилүүлүгүн коомчулукка таанытуу болуп саналарын билдирди. Долбоор Кинематография департаментинин жана «Кыргызсериал» мекемесинин колдоосу менен ишке ашырылат.



