7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жунушалиев сейил бактарда иттерди сейилдетүүчү жайларды караштырууну тапшырды

240

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Иманалы Айдарбеков көчөсүнүн (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) Жоомарт Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндө реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты.

Мэр сейил бактарда жана скверлерде белгиленген талаптарды эске алуу менен үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн атайын жайларды сөзсүз түрдө караштырууну, иттерди сейилдетүү эрежелери жазылган маалыматтык тактайчаларды орнотууну тапшырды.

«Шаарда үй жаныбарларын багып жүргөндөр көп экенин көрүп жатабыз. Алар үчүн тиешелүү шарттарды түзүшүбүз керек», — деп белгиледи мэр.

Оңдоп-түзөөнүн алкагында жөө адамдар жүрүүчү тротуарларды жана ирригациялык тармакты жаңылоо, бордюрларды орнотуу, балдар жана спорт аянтчаларын куруу, аймакты жашылдандыруу, ошондой эле тамчылатып сугаруу системасын уюштуруу каралган.

Иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгы жүргүзүүдө. Подряддык уюм — «АЖК Строй» ЖЧКсы.

241