Маршруттук таксилердин айдоочулары 3-майга пландалган иш таштоону жокко чыгарышты. Алар бул тууралуу өкмөткө жардам берүү максатында ушундай чечим кабыл алгандыктарын видео тартышкан.
«Биз кеңешип, Баткендеги кырдаалга байланыштуу иш таштоону жокко чыгарууну чечтик. 3-май толугу менен иштейбиз. Чек арадагы жерлерди чечүү үчүн биз өкмөттүн ишине тоскоолдук жаратпоону чечтик», — деди алардын бири.
Буга чейин 3-майда маршруттук таксилердин айдоочулары линияга чыкпай тургандыгы, каттамдагы баалардын көтөрүлүшүн талап кылышканы маалымдалган.