Японияда өтүп жаткан Азия оюндарынын алкагында ММА боюнча кыргызстандык спортчу Сыймык Жаныбек уулу коло медаль тагынды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Мушкер мелдешти чейрек финалдан баштап, Иорданиянын өкүлү Раад Алнажжарды 3:0 эсебинде жеңген.