Ишемби күнү арашан асыл тукум койлорун өнүктүрүүгө арналган эл аралык фестиваль өттү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдирди.
Иш-чарага Өзбекстан, Россия, Тажикстан жана Казакстандан келген фермерлер катышып, тажрыйба алмашышты.
Фестивалда министрдин биринчи орун басары Илич Марсбек уулу арашан койлорун экспортко чыгаруу, аларга асыл тукум статусун алуу жана фермерлерге жылына 3 пайыз үстөк менен жеңилдетилген насыя берүү иштерине басым жасаларын белгиледи.



