7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Путинди шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлүшү менен куттуктады

17

Өлкө башчы Садыр Жапаров Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын депутаттарын шайлоонун ийгиликтүү өткөрүлгөнүнө байланыштуу Россиянын президенти Владимир Путинге куттуктоо телеграммасын жөнөттү.

“Сиздин жетекчилигиңиз астында жаңы чакырылыштагы Мамлекеттик Дума Россия Федерациясынын алдында турган масштабдуу милдеттерди ишке ашырууга жана өлкөнүн туруктуу өнүгүшүнө олуттуу салым кошот деп ишенем.

Кыргыз Республикасы өлкөлөрүбүздүн мыйзам чыгаруу органдарынын ортосунда калыптанган тыгыз кызматташтыкка өзгөчө маани берет.

Парламенттер аралык байланыштар кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелеринин маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Кыргызстан менен Россиянын парламентарийлери көп кырдуу кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүгө жана элдерибиздин ортосундагы салттуу достук байланыштарды чыңдоого багытталган жигердүү биргелешкен иштерин улантат деп ишеним артам.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердигиңизде жаңы ийгиликтерди, ал эми Россия Федерациясынын элине тынчтык, туруктуулук жана өсүп-өнүгүү каалайм”, — деп айтылат Садыр Жапаровдун куттуктоосунда.

18