7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чек арада 2,5 миллион сомдук мөөнөтү өтүп кеткен таттуулар табылды 

12

«Ак-Тилек» чек ара өткөрмө пунктунда рейд учурунда мөөнөтү өтүп кеткен кондитердик азыктар аныкталды. Бул тууралуу мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салык кызматкерлери жүк ташып бара жаткан Scania үлгүсүндөгү унааны текшерген.

Анын ичинен Skittles, M&M’s, Snickers, Mars жана Twix маркаларына таандык 263 куту таттуу табылган. Алардын арасында жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен азыктар да болгон. Товарлардын алдын ала баасы 2,5 миллион сомдон ашат.

Аталган факт боюнча тиешелүү актылар түзүлүп, материалдар укуктук баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилди.

13