Бүгүн, 22-сентябрда активист, блогер Айтилек Орозбековду толугу менен акталды. Бул тууралуу ал өзүнүн инстаграм баракчасы аркылуу билдирди.
Анын айтымында, ал мамлекеттик тил боюнча видеолорду жарыялаганына байланыштуу бир жарым жыл соттошкон.
«Акталдым! Мыйзамдуу, адилеттүү актоо өкүмү чыкты. Тилди сактоо — бул элди сактоо, мамлекетти сактоо. Кыргыз тилибизди колдойлу!»- деп жазды ал.



