7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттарынын иштөө тартиби убактылуу өзгөрөт

13

Күз ортосу майрамы жана Кытайдын улуттук күнүнө байланыштуу, кыргыз-кытай чек арасындагы автожол өткөрүү пункттарынын иш тартиби убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу чек ара кызматы билдирди.

«Эркечтам-автожол» жана «Торугарт-автожол» өткөрүү пункттары аркылуу жарандарды жана транспорт каражаттарын өткөрүү төмөнкү мезгилдерде убактылуу токтотулат.

Эркечтам-автожол өткөрүү пункту:

  • 25-сентябрда саат 22:00дөн, 26-сентябрь саат 08:00гө чейин;
  • 1-октябрь саат 22:00дөн 4-октябрь саат 08:00гө чейин.

Торугарт-автожол өткөрүү пункту:

  • 25-сентябрда саат 22:00дөн 26-сентябрь саат 08:00гө чейин;
  • 1-октябрда саат 22:00дөн 4-октябрь саат 08:00гө чейин.

Көрсөтүлгөн мезгилдерде жарандарды жана транспорт каражаттарын мамлекеттик чек ара аркылуу өткөрүү жүргүзүлбөйт. Мамлекеттик чек ара кызматы жарандарга, жүк ташуучуларга жана тышкы экономикалык ишмердүүлүктүн катышуучуларына кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу сапарларды жана жүк ташууну пландаштырууда жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты эске алууну сунуштайт.

14