Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттик (ТӨМА) менен Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасы (БУУӨП) Агенттиктин институционалдык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен демилгени каржылоо боюнча макулдашууга кол коюшту. Бул тууралуу агенттиктен билдиришти.
Маалыматка ылайык, демилге 2025–2030-жылдарга карата Туризмди туруктуу өнүктүрүү программасынын максаттарына жетүүгө багытталып, туризм тармагын башкаруунун заманбап моделин калыптандырууну көздөйт.
Макулдашууга Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатов жана БУУӨПтүн Кыргыз Республикасындагы Туруктуу өкүлү Александра Соловьева кол коюшту.
«Туризмди өнүктүрүүдө тармактык артыкчылыктар мамлекеттик институттардын натыйжалуу иши менен бекемделиши маанилүү. БУУӨП менен биргеликте Агенттиктин ичиндеги функцияларды так бөлүштүрүүгө, аймактар жана бизнес менен өз ара аракеттенүүнү күчөтүүгө, ошондой эле конкреттүү мөөнөттөрү, ресурстары жана өлчөнүүчү натыйжалары камтылган иш-аракеттер планын иштеп чыгууга басым жасайбыз. Бул тармактын алдында турган милдеттерди ырааттуу чечүүгө жана туристтик ишкердикти өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө мүмкүндүк берет», — деди Эдуард Кубатов.
Бир жылдын ичинде БУУӨПтүн колдоосу менен Агенттиктин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн функционалдык диагностикасы жүргүзүлүп, туризм тармагынын өнүгүү тенденциялары жана туризмди мамлекеттик башкаруунун эл аралык моделдери талданат.
Жүргүзүлгөн талдоонун негизинде Агенттиктин институционалдык өнүгүү программасы, 2027–2030-жылдарга карата бюджеттик цикл менен байланышкан иш-чаралар планы, ошондой эле негизги натыйжалуулук көрсөткүчтөрүн камтыган мониторинг жана баалоо системасы иштелип чыгат.
«Агенттиктин өзүнүн институционалдык өнүгүүсүнө өз ресурстарын жумшап жатканы биз үчүн өзгөчө маанилүү. Бул улуттук жоопкерчиликтин жана БУУӨП менен өнөктөштүктүн жаңы форматынын жакшы үлгүсү. Бүгүнкү макулдашуу өлкөнүн артыкчылыктуу багыттарын ишке ашырууда улуттук ресурстар менен БУУӨПтүн эксперттик мүмкүнчүлүктөрүн бириктирген системалуу кызматташуунун башталышы болот деп ишенебиз», — деди Александра Соловьева.



