7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Минкаб төрагасы Кытайдын Санья шаарына түз авиакаттам ачууну сунуштады

6

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Пекинге болгон иш сапарынын алкагында Ханчжоу шаарында Кытайдын мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Цян менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында эки өлкө башчыларынын ортосунда жетишилген макулдашууларды практикалык ишке ашыруу максатында эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланды.

Минкаб төрагасы маегин Кытайдын салттуу майрамы – Күз ортосу майрамы, Кытайдын түзүлгөндүгүнүн 77 жылдыгы менен куттуктап, Кытай дүйнөнүн алдыңкы державаларынын бирине айланганын белгиледи.

Адылбек Касымалиев Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон тарыхый сапары эки өлкө ортосундагы жаңы доордогу ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүктү жогорку сапатта өнүктүрүүгө кошумча дем бергенин белгилеп, Садыр Жапаровдун жылуу саламын жана эң жакшы каалоолорун жеткирди.

«Си Цзиньпиндин Кыргызстанга болгон жакындакы ийгиликтүү мамлекеттик сапарынын жыйынтыгы боюнча, биз өлкөлөрүбүздүн лидерлеринин ортосунда жетишилген макулдашууларды практикалык түрдө ишке ашырып, аларды конкреттүү долбоорлорго айландырышыбыз керек. Биздин флагмандык долбоорубуз, албетте, «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолун куруу болуп саналат. Бул жолдун үзгүлтүксүз курулушун камсыз кылышыбыз зарыл», — деди ал.

Ошондой эле «Барскоон – Бедел – Үчтүрпан – Аксуу» автомобиль жолун куруу маселесин жигердүү илгерилетүү, жаңы «Бедел» көзөмөл-өткөрмө пунктунун инфраструктурасын курууну баштоо маселелерин белгиледи.

Минкаб башчысы соода-экономикалык өз ара аракеттенүү маселеси эки тараптуу кызматташтыктын артыкчылыктуу багыты экенин улантып, кытай ишканаларын, атап айтканда Чжэцзян провинциясынын компанияларын Кыргызстанга биргелешкен өнөр жай жана индустриалдык борборлорду түзүү үчүн өндүрүштүк базаларды тартуу жана «Тамчы» атайын финансылык инвестициялык аймагынын ишине катышууга чакырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тараптын каржылык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө, анын ичинде коммерциялык банктар ортосундагы түз корреспонденттик байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экени билдирилди.

Тараптар ошондой эле мунай-газ тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

«Биз сапарымдын алкагында энергетика тармагында кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюлгандыгын кубаттайбыз. Бул документ конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы энергетикалык өнөктөштүктү мындан ары тереңдетүү үчүн бекем негиз түзөт деп ишенем», — деди ал.

Адылбек Касымалиев өнүгүп жаткан маданий-гуманитардык кызматташтыкты белгилеп, Кыргызстандыктар үчүн Хайнань аралына саякаттоо жана Кытай аркылуу 10 күнгө чейин транзит үчүн визасыз режим киргизгендиги үчүн ыраазычылык билдирип, Бишкек жана Санья шаарларынын ортосунда түз авиакаттам ачуу маселесин кароону сунуштады.

Өз кезегинде Ли Цян эки мамлекет ортосундагы ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүк бар экенин белгилеп, соода-экономикалык, инвестициялык, каржы тармактарындагы, жашыл энергетика, жасалма интеллект, санариптик экономика жаатындагы артыкчылыктуу багыттар боюнча эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө жана чыңдоого берилгендигин билдирди. Ал Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө-өлкөлөрдүн башчыларынын мааракелик саммити, ошондой эле Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары ийгиликтүү өткөндүгүн белгиледи.

7