7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бостериде катуу жаандан улам короолорду суу каптады

19

Кечээ, 24-сентябрда катуу жааган жаандын кесепетинен Ысык-Көл облусунун Бостери айылында Кызыл-Чап сел өтүүчү каналдан суу ташып, эки турак үйдүн короосун суу каптаган. Бул тууралуу ӨКМдин Ысык-Көл облусундагы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жерине 8 куткаруучу, мэриядан 9 кызматкер жана атайын унаалар тартылып, суунун нугу бурулуп, суу каптоо коркунучу жоюлган.

Ошондой эле эки турак үйдүн короолоруна кирген суу тазаланган.

Белгилей кетсек, Кызыл-Чап каналы Чолпон-Ата шаардык мэриясынын карамагында.

20