Каспий деңизинде дайынсыз болуп жаткан эки жоокердин сөөгү табылып, издөө иштери аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн саат 09:15те сержант Мансур Гумаров менен деңиз аскери Мирас Турдыбекулынын сөөгү табылган.
Белгилей кетсек, Казакстанда бүгүн улуттук аза күтүү күнү жарыяланды.



