Чүй облусунда жалпы салмагы 3,3 килограмм болгон, баасы 40,5 миллион сомдон ашкан алтын куймаларды мыйзамсыз алып чыгуу аракети токтотулду. Бул тууралуу УКМК билдирди.
Кылмышты уюштурган деп шектелген жана уютулган алтындарды ташып жүргөн 56 жана 26 жаштагы эки киши кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
Учурда тергөө иштери уланууда.




