7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик шайлоону өткөрүүгө 1 млрд 200 млн сом бөлүнөт

18

Президентин шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө 1 млрд 200 млн сом бөлүнөт. Анын ичинен 646 560,0 миң сом 2026-жылга, ал эми 553 440,0 миң сом 2027-жылга каралганын БШК билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун маалыматына караганда, эгерде шайлоо бир эле тур менен өтсө бул сумма азаят.  Өлкө боюнча 26 819 шайлоо комиссиялары бар. Аймактык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнүн саны 674 адамды түзөт. Андан тышкары жер-жерлерде автоматтык эсептөөчү урналарды иштетүү үчүн операторлор тартылат.

Көрсөтүлгөн каражатта участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүнө сый акы төлөөгө кеткен чыгымдар да каралган. Смета шайлоону даярдоо жана өткөрүү, шайлоо комиссияларынын ишин уюштуруу жана шайлоо участокторунун иштеши үчүн зарыл болгон жумушчулардын санын, ошондой эле уюштуруучулук, маалыматтык, техникалык жана материалдык-техникалык камсыздоонун көлөмүн эске алуу менен түзүлгөн.

Белгилей кетсек, Жогорку Кеңеш 24-сентябрдагы отурумунда президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январына дайындоо боюнча токтом кабыл алган.

 

 

19