Чүй облусунун Аламүдүн районунда адамдын сөөктөрү табылды. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарга тарады.
Соцтармактын колдонуучусу балдары менен жүрүп жардан адамдын скелетин таап алган видеосу менен бөлүштү. Ал милиция кызматкерлери менен байланышып, аларды чакырганын кошумчалаган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, сөөктөр табылган жердин жанында мурда көрүстөн болгон. Сөөктөр соттук-медициналык экспертизага жөнөтүлдү.



