7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Президенттик шайлоону таза жана ачык-айкын өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол коюлду

15

Президент Садыр Жапаров «Президенттик шайлоону 2027-жылдын 27-январында эркин, таза жана ачык-айкын өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Жарлык шайлоо процессинин мыйзамдуулугун жана ачык-айкындыгын камсыз кылууга, жарандардын шайлоо укуктарын сактоого жана шайлоонун бардык катышуучулары үчүн тең шарттарды түзүүгө багытталган. Мамлекеттик жана муниципалдык органдардын шайлоо процессине мыйзамсыз кийлигишүүсүнө, ошондой эле административдик ресурстардын айрым шайлоо процессинин катышуучуларынын кызыкчылыгында пайдаланылышына жол бербөөгө өзгөчө көңүл бурулат.

Тактап айтканда, билим берүү мекемелеринин мугалимдерин жана окуучуларын, жогорку окуу жайларынын окутуучуларын жана студенттерин, социалдык камсыздоо органдарынын кызматкерлерин, медициналык мекемелердин персоналын, калкка кызмат көрсөтүүчү башка мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин кандайдыр бир талапкерди колдоп шайлоо алдындагы үгүт иштерине тартууга катуу тыюу салынат.

Министрлер Кабинетине мыйзамсыз түрдө шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышкан, ошондой эле кызматтык же башка кызмат абалынан пайдаланып кандайдыр бир талапкердин пайдасына иш жүргүзгөн аткаруу бийлигинин органдарынын, укук коргоо органдарынын, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин жана кызмат адамдарын, ведомстволук караштуулуктагы уюмдардын, мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлерин тартиптик жоопкерчиликке тартуу, ал эми зарыл болгон учурда ээлеген кызматынан токтоосуз бошотуу тапшырмасы коюлган.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына шайлоо мыйзамдарын бирдей колдонууну жана жарандарга түшүндүрүү иштерин камсыз кылуу боюнча кошумча чараларды көрүү сунушталат.

Мындан тышкары, мыйзамга ылайык эл аралык байкоочулардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу боюнча чаралар каралган.

16