7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Мэрия полигондун аймагындагы өрт боюнча маалымат берди

5

«Бишкек санитардык полигону» муниципалдык ишканасынын аймагында өрт болжол менен саат 20:30да башталган. Бул тууралуу шаар мэриясы төмөнкүлөрдү маалымдайт.

Саат 20:45 чамасында полигондун башка тилкесинде да өрт чыккан. Алдын ала маалымат боюнча, белгисиз адамдар тарабынан полигондун төрт тарабынан атайылап өрт коюлган.

Өрт кырсыгы тууралуу маалымат түшкөндөн кийин «Бишкек санитардык полигону» ишканасынын кызматкерлери дароо окуя болгон жерге барып, кырдаалды көзөмөлгө алышкан. Бирок өрт чыккан жерде аны атайылап койгон адамдарды аныктоого мүмкүн болгон эмес.

Өрт саат 01:45те толугу менен өчүрүлгөн.

Факт каттоого алынып, өрттүн чыгышына тиешеси барларды тергөө жүргүзүлүүдө.

 

6