Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Бишкектин четиндеги мурдагы таштанды полигонунда чыккан өрт боюнча билдирүү жасады.
Анын маалыматына караганда, полигондун мурдагы аймагы топурак менен жабылып, жашылдандырылган. Ошондой эле таштандыларды кайра иштетип, электр энергиясын өндүрүүчү заманбап завод курулуп, ишке киргизилген.
Бирок бүгүн түнү мурдагы полигондун жашылдандырылган аймагында өрт чыккан. Шаар бийлигинин маалыматы боюнча, белгисиз адамдар ал жерге дөңгөлөктөрдү алып барып, бир нече жерден атайылап өрт коюшкан. Өрт түнкү саат экилер чамасында толук өчүрүлгөн.
Орунбеков бул окуя атайын уюштурулган чагым болушу мүмкүн деген божомолду айтып, коомчулукту мамлекеттин жана коомдун мүлкүнө зыян келтире турган аракеттерден алыс болууга чакырды.
Ошондой эле алдыда президенттик шайлоо сыяктуу маанилүү саясий процесстер турганын белгилеп, окуя боюнча укук коргоо органдары териштирүү иштерин баштаганын билдирди. Өрттү уюштургандардын ким экендиги жана максаты тергөөнүн жыйынтыгында белгилүү болору айтылды.



