Такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөрдү легалдаштыруу үчүн жаңы салык механизми киргизилген. Бул тууралуу 28-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.
Анын айтымында, «такси жана курьерлерден салык түшпөйт» деген пикир туура эмес. Жаңы механизм 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып иштей баштаган.
Расмий иштегендердин салык төлөмдөрү мамлекеттик бюджетке түшүп, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык төлөмдөргө да негиз болот.
Тактап айтканда, Ысабеков ЖКнын депутаты Улукбек Карыбек уулунун такси жана курьердик кызмат көрсөтүүчүлөрдүн салыктык түшүүлөрү жана алардын мамлекеттик бюджеттери тууралуу берген суроосуна жооп берген.



