Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту саясатчы Мавлян Аскарбековду эки жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды.
28-сентябрда аталган райондук сотто саясатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча соттук отурумда прокурор аны 4 жылга камакка алууну суранган.
Бул өкүмдү Аскарбеков өзү күтпөгөнүн, мыйзамсыз экенин айтып, кийинки инстанцияга кайрыларын айтты.
Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.
Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.



