Өлкөдө фермерлер мал чарбачылыгын өнүктүрүү жана асыл тукум малдын санын көбөйтүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя ала алышат. Бул тууралуу суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди.
Мындай мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Жалал-Абаддык фермер Амирбек Атакулов «Кыргыз Агрохолдинг» ААКтын «Элита» мал чарба филиалынан абердин-ангус породасындагы асыл тукум малдарды сатып алды.
«Жеңилдетилген насыя алуу үчүн банкка кайрылып, өзүм жашаган үйүмдү күрөөгө коюп насыя алдым. Насыя алуу процессинде эч кандай кыйынчылык болгон жок. Шарттары ыңгайлуу экен. Бүгүн алган малдарымды Жалал-Абад облусуна алып кетип жатам. Бул мүмкүнчүлүк фермерлер үчүн жакшы колдоо болуп жатат» — деп билдирди фермер.
Асыл тукум мал сатып алууга берилүүчү насыянын үстөк чени 3 пайызды түзүп, 5 жылга чейин берилет. Ошондой эле 12 айга чейин жеңилдетилген мөөнөт каралган.
500 миң сомго чейинки насыя күрөөсүз берилсе, 500 миң сомдон 20 млн сомго чейинки насыя күрөө менен берилет. Насыя банк тарабынан жактырылгандан кийин фермер «Кыргыз Агрохолдинг» ААК менен келишим түзүп, «Элита» мал чарба филиалынан асыл тукум малдарды тандап сатып ала алат.
Бул механизм мал чарбачылыгын өнүктүрүүгө, асыл тукум малдын санын көбөйтүүгө жана өлкөдө эт өндүрүшүн жогорулатууга багытталган.



