Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 174 кишиге наам ыйгаруу жана Ардак грамота тапшыруу аземине катышты.
Касымалиев сыйлык ээлерин куттуктап, өлкөнүн өнүгүшүнө кошкон салымын белгиледи.
«Кыргызстанды ким куруп жатат? Бул суроого жоопту биз бүгүн ушул залдан көрүп турабыз. Биздин өлкөнү өзүнүн жан аябас эмгеги менен эл, анын ичинде сиздер куруп жатасыздар», – деди ал.
Иш-чарага көп кесиптин 174 өкүлү чогулду, алардын 93ү министрлер кабинетинин ардак наамдарына татыды.
Касымалиев сыйлыктардын эң көбү саламаттык сактоо тармагынын өкүлдөрүнө берилгенин айтты. Жалпысынан 54 медицина кызматкери сыйланды, алардын 47си ардак наамдарга татыды.
«Садыр Нургожоевич өзгөчө медицина кызматкерлеринин иштөөсү үчүн татыктуу шарттарды түзүүгө чоң көңүл бурат. Ар бириңиздерге чоң ыраазычылык, сиздер адамдардын өмүрүн сактап, ден соолук үчүн кызмат кылып жатасыздар», – деди Касымалиев.
Минкаб төрагасы ошондой эле экономика, каржы, салык жана бажы ишмердүүлүгү, айыл чарба тармактарынын өкүлдөрүнүн, мамлекеттик жана жергиликтүү башкаруу тармагында иштеген адистердин, санариптик технологиялар, энергетика, геология тармактарынын өкүлдөрүнүн, өнөр жай кызматкерлеринин, эмгек ардагерлеринин, сыйлык алган аскер кызматкерлеринин салымын белгиледи.
Эмгек сиңирген артист наамы менен сыйланган 13 өнөр адамынын катарында ырчылар Акбар Сүйүнбаев, Султан Садыралиев, Курал Чокоев жана Кылыч Бекишев бар.
![]()



