Кыргызстандык балбан Раззак Бейшекеев Японияда өтүп жаткан XX Азия оюндарында коло медаль жеңди. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги билдирди.
Ал 67 кг чейинки салмак категориясында күч сынашты. Алгачкы беттешинде катарлык Ареф Мохаммадини 4:0 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.
Бирок, жарым финалда өзбекстандык Айтжан Халмахановго 0:5 эсебинде утулуп калган.
Ал эми коло медаль үчүн беттеште Бейшекеев кытайлык Ленг Жини 5:1 эсебинде жеңип, Азия оюндарынын байге ээси болду.



