7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Сентябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Асман Эйрлайнс авиабилеттердин баасы тууралуу түшүндүрмө берди

6

«Асман Эйрлайнс» авиакомпаниясы ички каттамдардагы авиабилеттердин баасына байланыштуу түшүндүрмө берди.

Компаниянын маалыматына караганда, 2026-жылдын башынан бери авиациялык күйүүчү майдын баасы КНСти эске алуу менен 95,7%га өскөн. Мындан тышкары, аба кемелерин техникалык тейлөө жана башка операциялык чыгымдар жогорулаган.

Буга карабастан, 1-августтан тартып тарифтер эки багытта гана өзгөргөн. Бишкек–Ош каттамында бир тарапка максималдуу тариф 6500 сом, ал эми Бишкек–Манас багытында 5000 сом болуп белгиленген. Калган багыттардагы тарифтер өзгөрүүсүз калган.

Бишкек–Ош жана Бишкек–Манас каттамдарында үч деңгээлдүү тарифтик система колдонулат. Билетти алдын ала брондоп сатып алганда баасы 4100 сомдон башталат.

Ал эми Бишкек–Талас, Бишкек–Нарын, Бишкек–Казарман, Бишкек–Кербен, Бишкек–Баткен, Бишкек–Раззаков, Бишкек–Каракол жана Ош–Каракол каттамдары социалдык жана дотациялык багыттар болуп саналат.

Авиакомпания бул каттамдарды мамлекеттик субсидиялоо программасынын колдоосу менен улантып жатканын билдирди.

Ошондой эле орун үчүн мыйзамсыз кошумча акы талап кылуу же коррупциялык фактыларга күбө болгон жарандар +996 550 527 070 номерине кайрыла аларын белгиледи.

7