Кыргызстандын экономикасы өсүштүн жогорку темпин сактап калууда. Улуттук статистика комитетинин алдын ала баалоосуна ылайык, өлкөнүн ИДПсы 2026-жылдын январь-август айларында 1 трлн 396,8 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11%га өскөн. Мында өсүш бир гана тармактын эсебинен камсыз болгон жок, курулушта, өнөр жайда, айыл чарбасында, соодада жана кызмат көрсөтүүлөрдүн башка тармактарында да олуттуу өсүш байкалды. Бирок 11% деген көрсөткүчтүн артында маанилүү суроо турат: Кыргызстандын экономикасы эмненин эсебинен өсүүдө – өндүрүштүн, инвестициялардын, курулуштун, сооданын же ички керектөөнүн эсебиненби?
Негизги түрткү – товар өндүрүшү жана курулуш
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын январь-август айларында товар өндүрүшү тармагындагы өсүш 18,6%ды түздү. Ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,3%га өстү. ИДПнын түзүмүндө товар өндүрүшүнүн үлүшү 32%дан 34,7%га чейин көбөйүп, кызмат көрсөтүүлөрдүн үлүшү 49,2%ды түздү.
Эң көрүнүктүү өсүш курулуш тармагында байкалууда. Сегиз айдын жыйынтыгында 2025-жылдын январь-август айларына салыштырмалуу курулуш тармагы 61%га өскөн. ИДПнын түзүмүндө курулуштун үлүшү 6,4%дан 8,4%га чейин жогорулады.
Муну менен катар негизги капиталга инвестициялар да өсүүдө. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, январь-август айларында алардын көлөмү 61,2%га көбөйгөн. Өсүш ички жана тышкы каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалган.
Экономика жана коммерция министрлигинен «Кабар» агенттигине билдиришкендей, январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча экономиканын негизги тармактарында оң динамика сакталган. Бул мезгилдеги өсүшкө курулуш, өнөр жай жана кызмат көрсөтүү тармактары олуттуу салым кошкон.
Тактап айтканда, курулуш тармагы 60,6%га өсүп, ИДПнын өсүшүнө 3,75 пайыз салым кошкон. Өнөр жай 11,1%га көбөйүп, ИДПнын өсүшүн 2 пайыздык пунктка камсыздаган. Ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсү 6,1%га өсүп, анын салымы 3,25 пайыздык пунктту түзгөн.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, январь-июль айларында негизги капиталга салынган инвестициялардын көлөмү 238,3 млрд сомду түзүп, 58,8%га көбөйгөн. Инвестициялардын болжол менен 90%ы транспорт жана жүктөрдү сактоо, пайдалуу кендерди казып алуу, билим берүү, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана турак жай курулушуна багытталган.
Инвестициялык жана курулуш активдүүлүгүнүн айкалышы азыркы өсүштүн негизги факторлорунун бири болуп жатат. Жаңы жолдордун, энергетикалык объектилердин, өнөр жай ишканаларынын, социалдык жана турак жай инфраструктурасынын курулушу курулуш материалдарына, транспортко, жумушчу күчүнө жана ага байланыштуу кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талапты күчөтүүдө.
Өнөр жай кайра иштетүү жана жаңы өндүрүштөрдүн эсебинен өсүүдө
Экинчи маанилүү фактор – өнөр жай. Январь-август айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 600,8 млрд сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 108,8% болду. Башкача айтканда, өсүш продукциянын баасынын өзгөрүшүнө гана байланыштуу эмес, өндүрүштүн физикалык көлөмүнүн көбөйүшү менен да шартталган.
Айрыкча курулуш материалдарын өндүрүү 33,4%га, транспорт каражаттарын чыгаруу 46,8%га, фармацевтикалык продукция өндүрүү 15,1%га өскөн. Кайра иштетилген мунай заттарын өндүрүү 1,8 эсеге, химиялык продукцияны өндүрүү 2,3 эсеге көбөйгөн. Пайдалуу кендерди казып алуу 8,9%га өскөн.
Ошол эле учурда тамак-аш өнөр жайында да өсүш сакталууда. Азык-түлүк, суусундуктар жана тамеки буюмдарын өндүрүү 8,4%га көбөйгөн. Демек, өнөр жайдагы өсүш бир нече багыттын эсебинен түзүлүүдө. Алардын катарына кен казуу, кайра иштетүү, курулуш материалдарын, химиялык жана фармацевтикалык продукцияларды өндүрүү, ошондой эле машина куруунун айрым түрлөрү кирет.
Айыл чарбасы да өсүшкө салым кошууда
Айыл чарбасында да оң динамика байкалууда.
2026-жылдын январь-август айларында айыл жана токой чарбасы, балык уулоо тармактарында өндүрүш 6,4%га көбөйгөн. Ошол эле учурда ИДПнын түзүмүндө айыл чарбасынын үлүшү 7,9%дан 7,4%га төмөндөгөн.
Өсүш өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбасынын эсебинен камсыздалган. Өсүмдүк өстүрүү продукциясын өндүрүү 10%га, мал чарба продукциясын өндүрүү 4%га көбөйгөн.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, январь-июль айларында агрардык сектордогу оң динамика мамлекеттик колдоого, лизинг программалары аркылуу айыл чарба техникаларын жаңылоого жана мал чарба продукцияларын өндүрүүнүн көбөйүшүнө байланыштуу болгон.
Экономика үчүн айыл чарбасы биринчи кезекте калкты жумуш менен камсыз кылуу, ички азык-түлүк рыногун камсыздоо жана кайра иштетүү өнөр жайын чийки зат менен камсыз кылуу жагынан маанилүү.
Соода ички суроо-талаптын өсүп жатканын көрсөтүүдө
Экономикада болуп жаткан өзгөрүүлөрдү түшүнүүгө жардам берген дагы бир көрсөткүч – соода. Январь-август айларында дүң жана чекене соода, ошондой эле унааларды жана мотоциклдерди оңдоо тармагы 8,5%га өскөн. Мында чекене соода өсүшүн мурдагыдай эле жогорку темп менен уланткан.
Мындай динамика ички керектөө рыногунда активдүүлүк сакталып жатканын көрсөтөт. Ошол эле учурда сооданын өсүшү ата мекендик өндүрүштүн да ушундай эле темпте өскөнүн билдирбейт, ички суроо-талаптын олуттуу бөлүгү импорттун эсебинен камсыздалышы мүмкүн.
Муну тышкы сооданын көрсөткүчтөрүнөн да байкоого болот. 2026-жылдын январь-июль айларында Кыргызстандын тышкы жана өз ара соодасы 7,7%га өскөн. Экспорт 2,7%га, ал эми импорт 8,7%га көбөйгөн. Демек, ички суроо-талаптын кеңейиши жарым-жартылай импорттун көбөйүшүнүн эсебинен камсыздалууда.
Инвестиция өсүштүн кыймылдаткыч күчтөрүнүн бирине айланууда
Инвестициялык активдүүлүк өзгөчө көңүл бурууга арзыйт. 2026-жылдын сегиз айында негизги капиталга инвестициялар 61,2%га көбөйгөн. Өсүш ички жана тышкы каржылоо булактарынын эсебинен камсыздалган.
Инвестициялардын басымдуу бөлүгү транспорт жана жүктөрдү сактоо, пайдалуу кендерди казып алуу, билим берүү, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы жана турак жай курулушуна багытталган.
Экономика министрлигинин маалыматына ылайык, учурда ишке ашырылып жаткан объектилердин арасында турак жай, медициналык жана энергетикалык объектилерди, жогорку чыңалуудагы көмөкчордондорду, билим берүү жана инфраструктуралык объектилерди куруу, ошондой эле узундугу 63 чакырым болгон темир жолдун биринчи тилкесин куруу бар.
Бул экономикалык өсүштүн сапатын баалоо үчүн маанилүү. Негизги капиталга салынган инвестициялар учурдагы суроо-талапты гана түзбөстөн, кийинки жылдары экономикага кызмат кыла турган өндүрүштүк кубаттуулуктарды да түзөт.
Ошол эле учурда инвестициялардын өсүшү өзүнөн-өзү өндүрүмдүүлүктүн же экспорттун автоматтык түрдө көбөйүшүн билдирбейт. Узак мөөнөттүү натыйжа үчүн кайсы долбоорлор каржыланып жатканы, алардын өндүрүштүк кубаттуулуктарды канчалык жогорулатып жатканы жана кошумча наркы жогору продукцияларды өндүрүүгө шарт түзүп-түзбөгөнү маанилүү.
Кызмат көрсөтүүлөрдүн ролу олуттуу бойдон калууда
Товар өндүрүшүнүн өсүшү кыйла жогору болгонуна карабастан, кызмат көрсөтүү тармагы экономиканын эң ири сектору бойдон калууда. Анын ИДПдагы үлүшү 49,2%ды түзөт.
Январь-август айларында кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмү 6,3%га өскөн. Соодада, транспортто, мейманкана-ресторан тармагында, маалыматтык жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөрдө оң динамика байкалган.
Тактап айтканда, жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 5,4%га, жүктөрдү ташуу 10,9%га өскөн. Мейманкана жана ресторан кызматтары 9,5%га, маалыматтык жана коммуникациялык кызмат көрсөтүүлөр 8%га көбөйгөн.
Бул экономиканын өсүшү бир эле учурда бир нече багытта жүрүп жатканын көрсөтөт: товар өндүрүшү кеңейип, инвестициялар көбөйүүдө жана курулуштун темпи ылдамдап жатат, мунун артынан соодага, транспортко жана башка кызмат көрсөтүүлөргө болгон суроо-талап өсүүдө.
Салыктар боюнча абал кандай?
ИДПнын түзүмүндө продукцияларга салынган таза салыктардын үлүшү 16,1%ды түзгөн. Алардын көлөмү да январь-август айларында 11%га көбөйгөн. Бирок салыктык түшүүлөрдүн өсүшүн экономикалык өсүштүн өз алдынча себеби катары кароо туура эмес.
Салыктар ИДПнын өндүрүштүк ыкма менен эсептөөдө эске алынат, бирок алардын көбөйүшү экономикалык активдүүлүктүн кеңейишине да, сооданын түзүмүнүн, сатуу көлөмүнүн, баалардын жана салыктардын чогултулушунун өзгөрүшүнө да байланыштуу болушу мүмкүн.
Ошондуктан ИДП «салыктардын көбөйүшүнөн улам өстү» деп айтууга болбойт. Улуттук статистика комитетинин маалыматына караганда, өсүштүн кыйла жогорку темпин дал товар өндүрүүчү тармактар көрсөтүүдө – 18,6%, ал эми кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө бул көрсөткүч 6,3%ды түзгөн.
Экономика илимдеринин доктору, профессор, Эл аралык жогорку медициналык мектептин экономика жана өнүгүү боюнча проректору Толонбек Абдыров «Кабар» агенттигине билдиргендей, азыркы өсүш биринчи кезекте өндүрүш, курулуш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактары менен байланыштуу.
«Азыр экономиканын өсүшүнө негизинен өндүрүш, курулуш, соода жана кызмат көрсөтүү тармактары таасир этүүдө. ИДПнын 11%га өсүшү реалдуу экономикалык активдүүлүккө да байланыштуу. Муну менен катар соода, курулуш жана ички керектөө да чоң роль ойнойт», – деди ал.
Анын айтымында, учурдагы өсүштү узак мөөнөттүү өнүгүүгө айландыруу маанилүү милдет болуп саналат.
«Бул үчүн жаңы ишканаларды ачуу, өндүрүштү жана экспортту көбөйтүү, жаңы жумуш орундарын түзүү зарыл. Келечекте өндүрүштү, кайра иштетүүнү жана экспортту күчөтүү маанилүү», – деп белгиледи эксперт.
Ал ошондой эле жыл аягына чейин өсүштүн жогорку темпин сактоо инфляцияга, инвестициялардын көлөмүнө, курулуш жана өнөр жай тармактарынын динамикасына, экспортко жана тышкы экономикалык шарттарга жараша болорун белгиледи.
Жыйынтыгында ИДПнын өсүшүнүн артында эмне турат?
Январь-август айларындагы статистика Кыргызстандын экономикасынын азыркы өсүшүн бир гана фактор менен түшүндүрүүгө болбой турганын көрсөтөт.
Биринчи фактор — курулуш активдүүлүгү.Курулуштун көлөмү 61%га өсүп, анын ИДӨдөгү үлүшү 6,4%дан 8,4%га көбөйгөн.
Экинчи фактор — инвестициялык активдүүлүк.Негизги капиталга салынган инвестициялар 60%дан ашык көбөйүп, ички жана тышкы каржылоо булактарынын көлөмү да өскөн.
Үчүнчү фактор — өнөр жай. Өндүрүштүн физикалык көлөмү 8,8%га көбөйүп, кайра иштетүү жана өндүрүштүн айрым сегменттеринде өзгөчө жогорку өсүш темпи байкалган.
Төртүнчү фактор — ички суроо-талап. Соода жана башка кызмат көрсөтүүлөр өсүшүн улантууда. Бул керектөө рыногундагы активдүүлүктү чагылдырат.
Бешинчи фактор — айыл чарбасы. Агрардык сектор 6,4%га өсүп, жалпы экономикалык динамикага өз салымын кошкон.
Муну менен катар экспорт импортко салыштырмалуу кыйла жай өсүүдө: январь-июль айларында экспорт 2,7%га, импорт 8,7%га көбөйгөн. Бул мындан аркы өнүгүү үчүн тышкы рыноктордо атаандаша ала турган товарлардын өндүрүшүн көбөйтүү негизги милдеттердин бири бойдон калып жатканын көрсөтөт.
Демек, Кыргызстандын ИДПсынын азыркы өсүшү көбүнчө реалдуу экономикалык активдүүлүктүн кеңейиши, биринчи кезекте курулуш, инвестициялар, өнөр жай өндүрүшү, соода жана кызмат көрсөтүүлөр менен байланыштуу. Ошол эле учурда бул динамиканын узак мөөнөттүү келечекте туруктуу болушу үчүн өндүрүштүк кубаттуулуктарды көбөйтүү, кайра иштетүүнү өнүктүрүү, экспортту өстүрүү жана жаңы жумуш орундарын түзүү маанилүү.
Булак: “Кабар” Кыргыз улуттук маалымат агенттиги



