7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Ереванда COP17 Лидерлер саммитине келди

2

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 16-октябрда, Армения Республикасынын Ереван шаарында өтүп жаткан БУУнун Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенциясынын тараптарынын 17-конференциясынын (COP17) алкагындагы Лидерлер саммитинин ишине катышууда.

Мамлекет башчысын иш-чара өтүп жаткан “Меридиан” көргөзмө борборунан Армениянын Премьер-министри Никол Пашинян жана БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш тосуп алышты.

COP17 Лидерлер саммитине бир катар мамлекеттердин башчылары, окумуштуулар, эл аралык экологиялык уюмдардын жетекчилери, эксперттер жана өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү да катышууда.
Саламдашуу жана жалпы сүрөткө түшүү аземи аяктагандан кийин лидерлер Саммит өтүүчү залга бет алышты.

Иш-чаранын алкагында Куньмин-Монреаль глобалдык алкактык программасы боюнча кабыл алынган милдеттенмелердин аткарылышы каралып, экосистемаларды коргоого каржылоо тартууга багытталган ар кандай чаралар талкууланат. COP17 Лидерлер саммитинин жыйынтыгы боюнча “Еревандын аракет чакырыгы” аттуу саясий декларацияны кабыл алуу күтүлүүдө.

3