7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргыз мөмө-жемиштери Европага, Араб өлкөлөрүнө чыгарууга даярдалат

12

«Кыргыз Экспорт» жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды өндүрүүчүлөр үчүн экспорттук акселерация программасын ишке киргизүүдө.

Маалыматка ылайык аталган программа ата мекендик айыл чарба продукциясынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга жана ишканаларды Европа биримдигинин жана Бириккен Араб Эмираттарынын рынокторуна чыгууга даярдоого багытталган.

Анда жаңы жыйналган жемиштерди, мөмөлөрдү жана жашылчаларды өстүрүү, ошондой эле аларды тоңдуруу менен алектенген чакан жана орто бизнестин 15 ата мекендик ишканасы тандалып алынат.

Алгач ишканалардын абалаына диагностика жүргүзүлүп, эл аралык талаптарга шайкеш келбеген жагдайлар аныкталат.

Санитардык тазалоону, суунун сапатын көзөмөлдөөнү, калдыктарды башкарууну, продукциянын келип чыгышын жана кыймылын көзөмөлдөөнү, сактоону, температуралык режимдерди сактоону жана башка зарыл жол-жоболорду камтыган документтер даярдалат. Кызматкерлер эл аралык стандарттарда окутулат.

Ошондой эле, ишканалар ишмердүүлүгүнүн багытына жараша GRASP модулу менен GLOBALG.A.P. (IFA), FSSC 22000, BRCGS Food Safety жана IFS Food стандарттарынын талаптарын аткарууга даярданышат. Андан соң алдын ала текшерүүлөр уюштурулат.

Акырында катышуучулар Европа жана Жакынкы Чыгыш рынокторунун талаптары, таңгактоо, маркировкалоо, экспорттук логистика жана сертификаттоо органдары менен өз ара аракеттенүү маселелери боюнча консультация алышат.

Программаны 2026-жылдын ноябрь–декабрь айларында ишке ашыруу пландалууда.

Катышуу үчүн кызыкдар ишканалар төмөнкү шилтеме аркылуу кирип, анкетаны толтуруусу зарыл: https://forms.gle/BJ75pMBP3ys93YtcA

13