7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жээнбек Кулубаевди өзбек лидери Шавкат Мирзиёев кабыл алды

14

Самарканд шаарында «Борбордук Азия жана АКШ» («С5+1») форматындагы министрлер жолугушуусунун алкагында Кыргызстандын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Өзбекстанстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-өзбек кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулап, 2026-жылдын 30-июлунда Өзбекстандын Президентинин Кыргызстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды иш жүзүндө жүзөгө ашырууга, ошондой эле эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди жана стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого өзгөчө көңүл бурушту.

Тараптар соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду өнүктүрүү келечегин карап чыгышты. «Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан» темир жол долбоорун ишке ашырууга, Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгүнө жана эки өлкөнүн аймактарынын биринчи форумуна даярдык көрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан ары да жакшы коңшулук жана союздаштык мамилелерди чыңдоого, өз ара пайдалуу кызматташтыкты кеңейтүүгө жана жетишилген макулдашууларды ырааттуу ишке ашырууга кызыкдар экендиктерин ырасташты.

15