7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ысык- Көлдө “Ак-Илбирс” илимий-изилдөө жана реабилитациялык борбору ачылды

18

23-октябрда Ысык-Көл облусунун Ананьево айылында “Ак-Илбирс” илимий-изилдөө жана реабилитациялык борборунун салтанаттуу ачылышы болуп өттү. Ага минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев жана Татарстанстандын Раиси Рустам Минниханов катышты.

Жетекчилер “Биримдик чыйыры” аркылуу өтүп, борбордун ачылышын билдирген салттуу түйүндү чечишкен соң, меймандар жогорку технологиялык лабораторияларды, ветеринардык блокту жана жаныбарларды куткаруучу операциялык бөлүмдү көрүп чыгышты.

Иш-чаранын алкагында РФ илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Сергей Найденконун жетекчилиги астында иштелип чыккан ак илбирсти сактоо боюнча комплекстүү илимий стратегия эки өлкөнүн өкмөт башчыларына тапшырылды.

Касымалиев илбирс Кыргызстандын улуттук символу жана тоо экосистемасынын саламаттыгынын көрсөткүчү экенин белгилесе, Рустам Минниханов канаттуу илбирс Татарстандын да гербин кооздоп турганын айтып, бул жаныбар эки элди бириктирген асылдыктын жана күчтүн белгиси экенин баса белгилеп, салтанаттын соңунда ардактуу коноктор борбордун аймагына Тянь-Шань карагайларын отургузуп, символикалык аллея түптөштү.

19