7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Кыргызстан Сингапурдагы ITB Asia 2026 туристтик көргөзмөсүнө катышуусун жыйынтыктады

7

Кыргызстан Сингапурдагы ITB Asia 2026 туристтик көргөзмөсүнө катышуусун жыйынтыктады.

Көргөзмөгө Туризм агенттигинин директорунун орун басары, Туризм фонду жана 5 ата мекендик компания катышты. Алар AksaiTravel, Sunrise Osh, Hedonist Club, Edelweiss Touristic жана Voyager Group.

Өлкөнүн туристтик потенциалы Visit Kyrgyz бренди алдында тааныштырылды. Стендде тоолуу аймактар, активдүү эс алуу жана этнотуризм багыттары көрсөтүлдү.

Түштүк-Чыгыш Азиянын туроператорлору менен B2B жолугушуулар өтүп, Кыргызстанды жаңы туристтик программаларга киргизүү жана биргелешкен маршруттарды түзүү талкууланды.

Көргөзмө Кыргызстанды эл аралык рынокто илгерилетүү жана Азиядан келген туристтердин санын көбөйтүү үчүн маанилүү кадам болду.

8