UIM президенти Рафаэль Кьюлли узак мөөнөттүү кызматташууга кызыкдар экенин билдирип, спортту биргелешип өнүктүрүүгө даяр экенин тастыктады.
Full Membership макамы Кыргызстанга эл аралык кызматташуу, дүйнөлүк деңгээлдеги мелдештерди өткөрүү жана улуттук инфраструктураны өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Мындай кадам менен Кыргызстан Борбор Азияда суу-мотор спортунун флагманына айланып баратат.



