Кечээ, 31-октябрда Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев Бишкектеги курулушу токтоп калган бир катар көп кабаттуу турак жай объектилерине барып, ар биринде үлүш ээлери менен өзүнчө жолугушуу өткөрдү.
Алар:
— Жибек-Жолу көчөсү 295, 297 — 80 батирлүү турак жай. Курулушу 2018-жылы “Эксперт Строй” ЖЧКсы тарабынан башталган;
— Мичурин көчөсү 121 Б (А, Б блоктору) — 9 кабаттуу, 169 батирлүү турак жай. Курулушу 2021-жылы “Эксперт Строй” жана “Гидротехстрой” ЖЧКлары тарабынан башталган;
— Көк-Жар конушу, Куйручук көчөсү 197/2 — 15 кабаттуу, 200 батирлүү турак жай. Курулушу 2022-жылы “Эмаком” жана “Ханстрой” ЖЧКлары тарабынан башталган;
— Көк-Жар конушу, Молдокулов көчөсү — 360 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2013-жылы “Кыргыз-Арабиан Альхнейзи” жана “ОППС Строй” ЖЧКлары тарабынан башталган;
— Таш-Дөбө айылы, Куттубаев көчөсү 15/9а, 15/9б, 15/10 — 10 кабаттуу турак жайлар. Курулушу 2020-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” ЖЧКлары тарабынан башталган;
— Кипкалов көчөсү — 5 кабаттуу мансард кабаты бар, 181 батирлүү турак жай комплекси. Курулушу 2021-жылы “Эмаком”, “Ханстрой” жана “Бренд Хаус” ЖЧКлары тарабынан башталган.
Жогоруда көрсөтүлгөн объектилер боюнча көйгөйлөрдү чечүү максатында жакынкы убакытта курулуш компанияларынын ишмердүүлүгүнө тышкы башкарууну киргизүү боюнча чечимдер кабыл алынат.
Мындан тышкары, аталган компаниялардын уюштуруучуларына жана жетекчилерине карата тиешелүү чараларды көрүү үчүн Курулуш министрлиги тарабынан укук коргоо органдарына кайрылуулар жөнөтүлөт.



