Бүгүн, 5-ноябрда Манас шаарында Адылбек Касымалиевдин катышуусунда металл конструкцияларын өндүрүүчү “Металлстрой” заводунун ачылышы болду.
Маалыматка ылайык, ишканага 2,5 млн доллар жеке инвестиция салынып, биринчи жылы 1400 тонна металл конструкциясын өндүрүү пландалууда. Заводдо 50 жаңы жумуш орду түзүлөт. Ишкана заманбап лазердик кесүүчү жана фрезерлөөчү жабдуулар менен камсыздалган.



