7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте көрүнүктүү окумуштуу жана мамлекеттик ишмер Жамин Акималиев менен коштошуу зыйнаты өттү

3

2026-жылдын 8-ноябрында көрүнүктүү окумуштуу, саясий жана мамлекеттик ишмер, айыл чарба илимдеринин доктору, профессор, академик Жамин Акималиевич Акималиев менен коштошуу зыйнаты  өттү.

Коштошуу зыйнатына Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, мамлекеттик органдардын жана илимий коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун кесиптештери, шакирттери, достору жана жакындары катышты.

Катышуучулар Жамин Акималиевдин жаркын элесин эскерип, анын өмүр жолу, кесиптик ишмердүүлүгү, көп жылдык илимий жана мамлекеттик кызматтагы эмгеги тууралуу айтып,  ата мекендик илимди жана айыл чарбасын өнүктүрүүгө, жаш адистерди даярдоого жана илимий кадрларды калыптандырууга кошкон зор салымын белгилешти. 

Анын жогорку кесипкөйлүгү, принципиалдуулугу, эмгекчилдиги жана өз ишине берилгендиги өзгөчө белгиленип, кесиптештери, шакирттери жана жакындары Жамин Акималиев артына бай илимий мурас жана өчпөс из калтырганын айтышты. 

Жамин Акималиевич илимге жана өлкөнүн өнүгүшүнө өмүрүн арнаган көрүнүктүү окумуштуу жана мамлекеттик ишмер катары мекендештеринин эсинде түбөлүк сакталат.

4