2026-жылдын 8-ноябрында Кыргыз Республикасынын ИИМдин генерал-майору Эргеш Алиев атындагы Академиясында биринчи курстун курсанттарынын салтанаттуу ант берүү аземи өттү.
Иш-чарага Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов, Академиянын башчысы Азамат Ногойбаев, ведомствонун ардагерлери, курсанттардын ата-энелери жана окутуучулар курамы катышты.
Сынактардан жана жаш жоокер курсунан өткөн биринчи курстун студенттери Мекенге ак кызмат кылууга ант беришип, аларга милициянын катардагы кызматкери деген алгачкы атайын наам ыйгарылды. Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов жаш кызматкерлерди куттуктап, мыйзамдуулукту сактоого жана коомдук тартипти камсыздоого чакырды.
Салтанат курсанттардын саптык даярдыгын көрсөтүүсү, атайын отряддын көрсөтмө машыгуулары жана өздүк курамынын салтанаттуу маршы менен жыйынтыкталды.



