“Ала-Арча” улуттук паркында 14 жаштагы Амир Кунакуновдун каза болушуна байланыштуу жүргүзүлгөн текшерүүдөн кийин ӨКМде кадрдык чечимдер кабыл алынды.
Текшерүүдө маалыматты өз убагында жеткирүү, куткаруучулардын аракеттерин координациялоо жана ыкчам чара көрүүдө кемчиликтер аныкталган.
Президент Садыр Жапаров ӨКМ башчысы Канат Чыныбаевге катуу сөгүш жарыялады.
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин чечимдери менен министрдин орун басары Алмазбек Асанов, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунун башчысы Азис Эгембердиев жана Куткаруучуларды даярдоо боюнча мамлекеттик борбордун башчысы Тынарбек Мурашов кызматтарынан бошотулду.



