Отставкадагы милициянын генерал-майору Кемелбек Киязов Өзбекстандын Самарканд шаарында өткөн марафондо 42,2 чакырымды 4 саат 7 мүнөт 12 секундда чуркап өттү.
Ал өзүнүн жаш курак категориясында биринчи орунду ээлеп, үч медаль жеңип алды. Ошондой эле “Түрк элдеринин марафондор альянсы” программасын аяктаган 60 жаштан жогорку курактагы алгачкы кыргызстандык өкүл болду.



