Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-ноябрда, Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин (ЖККУ ЖКК) сессиясына катышуу үчүн Чоң Кремль сарайына келди.
Иш-чарага келген өлкө лидерлерин Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин тосуп алды.
Тосуп алуу аземи жана биргелешип сүрөткө түшүү аяктагандан кийин мамлекет башчылары тар форматтагы жыйындар залына өтүштү.
ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин ишине Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон жана уюмдун Башкы катчысы Таалатбек Масадыков катышууда.



