Бишкекте электрондук коммерцияны өнүктүрүүгө арналган “E-Commerce EXPO 2026” эл аралык форуму өтүп жатат.
Иш-чарага мамлекеттик органдардын, эл аралык уюмдардын жана бизнес-коомчулуктун 450дөн ашуун өкүлү катышууда.
Форумда онлайн соода, эл аралык рынокко чыгуу, логистика, финансы технологиялары жана жасалма интеллектти колдонуу маселелери талкууланууда.
Иш-чара Экономика жана коммерция министрлиги менен Электрондук коммерция ассоциациясы тарабынан уюштурулду.



